Мыскал Өмүрканова – Гүлжан
Сөзү, обону: Токтосун Тыныбеков Жайлоонун жашыл ыраңы, Жайкалган шибер тулаңы. Күркүрөп аккан кашка суу Алтын (бир) тоонун булагы. Гүлдөгөн төрдү оттогон Гүлжандын козу-улагы. Жайлоонун башы жашылчак, Бетеге белден башыркап. Күркүрөп аккан кашка суу Күү чалгандай толкундап. Аскадан аска кыдырып Аралап оттойт козу-улак. Мингеним тулпар торудан, Кийгеним жибек сонундан. Кайтарганым мал чарба Таластын бийик боорунан.
Название:
Мыскал Өмүрканова – Гүлжан
Категория:
Разное