Алыкул Осмонов "Көлдүн кечки көрүнүшү" Максат-Бишкек студиясы 2026
Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум, Токсон ирет, көргөнүмө тойбодум, Кызгылт көйнөк кийгендиги эсимде, Уурдап алып күндүн батар боёгун. Билбейм неге… эң жароокер ысыгым, Кайрат, кубат, оюн-күлкү кызыгым. Кыз баладай уялганы эсимде, Уурдап алып күндүн батар кызылын. Көргүм келет, көргүм келет миң ирет, Айткым келет, сүйөм көлүм, сүйөм деп, Элесимде көл жатпаса шарпылдап, Ырларымда анда кайсы касиет! 28/XI 1946 Чолпон-Ата.
Название:
Алыкул Осмонов "Көлдүн кечки көрүнүшү" Максат-Бишкек студиясы 2026
Категория:
Разное