Бул китепти жалпы мусулман балдар үчүн жаздым
Жакында жарык көргөн «Жакшы балдар Пайгамбардан үлгү алат» аттуу китеп коомчулукта кызыгууну жаратууда. Китептин автору Айзада Кожоева белгилегендей, бүгүнкү күндө көптөгөн балдар Бэтмэн, Халк сыяктуу каармандарды кумир тутуп калган. Дал ушул көрүнүш ага бул эмгекти жазууга түрткү берген. Албетте, тарбиянын түпкү өзөгү — чыныгы үлгү болчу пайгамбарлар экенин эске алганда, балдардын жүрөгүнө Пайгамбардын (ага тынчтык болсун) сапаттарын сүйүү менен сиңирүү — эң маанилүү милдет. Китеп аркылуу бул оор, бирок зарыл болгон ишти аркалап чыккан Кожоева Айзада деген ким? Тааныштыралы…
Название:
Бул китепти жалпы мусулман балдар үчүн жаздым
Категория:
Разное