ААЛЫ ТУТКУЧЕВ - ЖАЛКООЛУК ТЕРМЕСИ (lyrics) тексти менен

12+
12+

4 просмотра

7 дней назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

4 просмотра

7 дней назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

4 просмотра

7 дней назад

Алланын берген өмүрүн, Акыл-эс менен пайдалан. Наристелер канча өттү, Төрөлгөн күнү жайраган. Дени сак, күч бар, жаш туруп, Эрингендерге арданам. Эч кимге тийбес зыяны, Максатың болсун кармаган. Бел жоорутмак иш бизден, Берекеси Алладан. Издесек болот бейишти, Эненин таман алдынан. Толготуп бизди төрөгөн, Тогуз ай багып кардынан. Жонуңа жөө көтөрүп, Меккеге барып келсең да, Кутулбайсың карзынан. Анда кантип кутулдук, Ааламды түгөл жараткан, Алла Таала парзынан. Кутулууга алардан, Куруган өмүр адамда аз. Жаннатта бизге нур болчу, Жакшы ишибиз андан да аз. Өлүмдөн кийин чын дүйнө, Өтсө өмүр кайра жаралбас. Аракет кылып жатпоого, Карыздын баарын актоого, Жетишсек экен замандаш! — Аалы Туткучев #айтышдүйнөсү #рек #rek #lyrics #komuz

Название:

ААЛЫ ТУТКУЧЕВ - ЖАЛКООЛУК ТЕРМЕСИ (lyrics) тексти менен

Категория:

Разное