ЖОЖ: Биринчи жолу "Бизнес аналитика жана статистика" багыты ачылууда
Жаңы 2024-2025-окуу жылынан баштап өлкөнүн бир нече жогорку окуу жайларында бакалавриат жана магистратура даражалары үчүн "Бизнес аналитика жана статистика" багыты ачылууда. Аталган жаңы багыт И.Раззакова атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ачылат. Бул инновациялар Улуттук статистика комитетинин акыркы 2 жыл ичинде ЖОЖдор менен болгон иш-аракеттеринин аркасында ишке ашты.
Название:
ЖОЖ: Биринчи жолу "Бизнес аналитика жана статистика" багыты ачылууда
Категория:
Разное