Сегодня тебе исполнилось восемьдесят! (Прекрасное произведение, посвященное отцу)
Созу: Романбек Кадышев Обону: Мухамбет Самидинов Сексен жашка бүгүн толдуңуз! [Verse 1] Атамды мактап ыр жазам, Таппаймын аалам кыдырсам. Биз үчүн аска зоодойсуз, Сөз жеткис бийик тоодойсуз. [Chorus] Сексен жашка бүгүн толдуңуз, Кубанычка толду бүгүн койнубуз. Алыстан арнап сизге жакшы сөз, Каалоо-тилек айтат уул-кызыңыз. [Verse 1] Жүрүңүздөр төрдүн көркүн ачып, Жетелешип апам экөөң бирге басып. Жүзүңүздөрдө жылмаюу нур чачсын, Оору-сыркоо алыс кетип, жолобосун. [Chorus] Сексен жашка бүгүн толдуңуз, Кубанычка толду бүгүн койнубуз. Алыстан арнап сизге жакшы сөз, Каалоо-тилек айтат уул-кызыңыз. Алыстан арнап сизге жакшы сөз, Каалоо-тилек айтат уул-кызыңыз.
Название:
Сегодня тебе исполнилось восемьдесят! (Прекрасное произведение, посвященное отцу)
Категория:
Разное