Бешик ыр (народная песня) // Айчурок Иманалиева
Айчурок Иманалиева Заслуженная артистка Кыргызской Республики Бешик ыр (народная песня) Алдей, алдей ак балам, Арка жөлөөр жан балам. Кунан койдун куйругу, Бышты жегин жан балам. Атаң барса айылга, Куржун толо эт келет. Энең барса айылга, Эмчек толо сүт келет. Кунан койду сой балам, Куйругуна той балам. Алдей, алдей ак балам, Тердик токуур жан балам. Сал, сал, сал билек Сары майга мал билек. Коён кошту кош билек, Кошкон майга мал билек. Алдей, алдей ак балам, Ак бешикке жат балам. Энекеңди кыйнабай, Уктап калчы жан балам, Уктай койчу ак балам.
Название:
Бешик ыр (народная песня) // Айчурок Иманалиева
Категория:
Разное