Тырмак бекемдөөнүн сырлары | Үй шартында тырмакты бекемдөөнүн, чыңдоонун 3 ыкмасы
Үй шартында тырмакты бекемдөөнүн, чыңдоонун 3 ыкмасы: Тырмак - чач же тери сыяктуу эле өзгөчө кароону талап кылат. Тырмакка күнүгө жарым сааттан убакыт бөлүп турсак, көп өтпөй эле тырмактын сынганынан, сыйрылганынан арылып, идеалдуу маникюрга ээ болосуз. Ал үчүн төмөндөгү рецепттерди кезеги менен жасап туруу керек. Сүттөн ванна жасоо Сүт – бул кальций, так ушул кальций биздин тырмагыбызга жетишсиз. Эгер сиздин тырмагыңыз сынып же кургак болсо, анда нак сүттү алып жылытып, колуңузду 20-30 мүнөткө салып туруңуз. Бул ыкманы күнүгө бир жума калтырбай жасасаңыз, жыйынтыгы к8п күттүрбөйт. Йод менен жабуу Тегеректегилерди сары тырмак менен чочулатпаш үчүн бул процедураны жатаарда кылуу ыңгайлуу. Кебез таякчаны йодго малып тырмакка сүйкөйсүз, аны кургатып, жуубай туруп ошол бойдон эртең мененкиге чейин кармайсыз. Түн ичинде йод тырмакка сиңет. Бул ыкманы бир жумада бир жолу кайталап туруу сунушталат. Быштак менен жасалган маска Кальций жетишпеген тырмакка бул маска өтө пайдалуу. Таза, нак, майлуу быштакка зайтун майын же башка өсүмдүк майын кошуп, блендерден өткөрөсүз. Бул аралашма каймакка окшош болушу керек. Аны тырмакка жарым саатка коюп, бир жумада 2-3 жолу жасаш керек.
Название:
Тырмак бекемдөөнүн сырлары | Үй шартында тырмакты бекемдөөнүн, чыңдоонун 3 ыкмасы
Категория:
Разное